Умра, же кичи ажылык – белгиленген тартипте Меккеге зыярат кылуу дегенди билдирет. Араб тилинен «Умра» деген сөз «баруу, визит, зыярат» деп которулат.
Кээ бир аалымдар, анын ичинде имам аш-Шафии, ошондой эле Имам Ахмад ибн Ханбал Ыйык Курандагы сөздөрүнө таянуу менен умрага баруу милдеттүү аракет (ажы сыяктуу) деп эсептешкен.
(Алла үчүн ажыга жана умрага баргыла) («аль-Бакара» 2/196) жана төмөнкү хадисте: Айша энебиз күндөрдүн биринде Мухаммед пайгамбардан: «Оо, Алланын Элчиси, жихад аялдарга милдеттендирилгенби?» деп сурады. Ошондо ал (салляллаху алейхи ва саллям): «Алардын жихады ажылык жана умра», - деп жооп берди.